МЕКТЕП ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Мектептин тарыхы

Азыркы Тосор кыштагы Тосордун тоосундагы «Саз» деген жерде жайгашкан. «Жайнактын ташы» деп аталган үйдѳ 1915-1920-жылдары мектеп ачылып, I жолу сабак берген мугалим азыркы Тоң районуна караштуу Темир-Канат  кыштагынан келген Калпаков Байсерке болгон.

Кийин Калпаков Байсерке «Эркин-Тоо» газетасына иштегени кеткенден кийин Тосор кыштагында жашоочу Байтелиев Арзыбек  балдарды окутуп, кийин Кускакбаев Байгазы кѳп жылдар бою баштооч мектепте ѳзү директор, ѳзү мугалим болуп 1-класстан 4-класска чейинки балдарды чогу кошуп алып, билим жана тарбия берет.

1924—1925-жылдарда тоодогу мектеп азыркы мектеп турган жерге кѳчүрүлүп келет.  Ал кезде  Тосор кыштагы  «Ак-Чий» деп аталып, «Жолборс» селсоветине кирген. Класстын саны тѳртѳѳ болуп, окуучулардын саны 15-20 болот. Ушул жылдары мугалимдер такыр жокко эсе болуп 1-класста бир гана мугалим сабак берген. Балдардын жаштары дагы ар башкача болгон. Негизинен 2-3 гана мугалим эмгектенген.

1930-жылы мектеп «Тѳрт-Күл» азыркы  мүрзѳлѳр турган жерге которулат. Бул жылдарында Кускакбаев Байгазы жана башкалар эмгектенишет. Ушул жылдары эл толук түшүнүп, мектепке балдар, кыздарын толук бере башташат. Окуучулардын саны 30 дан ашып, мугалимдердин саны 6-7 кишиге жетип, билим бере башташат.

1935-1936-жылдары кайрадан мектеп «Тѳрт-Күлдѳн» азыркы орто мектеп арналган үч  бѳлмѳлүү жыгач тамга кѳчүрүлүп келип, мектепти Арстакеев Абдылда жетектеп адамдар 50дѳн ашык окуучуларга билим беришкен. Арстакеев Абдылдадан кийин, Жеңиш айлынан келген Чыналиев Арсар  мектепке  директор болуп калат.   Кеткенден кийин Саруу айлынан келген Молдокматов Амантур мектепти жетектейт. Молдокматов Амантур  кеткенден кийин Касымалиев Жума андан кийин Тосор айылын жашоочусу Маркатаев Кудайберди бир нече жыл мектепте директор болуп иштейт. Башкача айтканда 1940-1944-жыл согуш мезгили мугалимдер үчүн дагы кыйынчылыктарды алып келди. Эркектер согушка кетип аялдар иштешкен. Ошол кездеги окуучулардын азыркы аталардын айтканында 1-2 саат гана окушуп калган мезгилин колхоздун жерин айдашып, болгон күнүн жеңишке ѳз салымдарын кошуп турушкан. Мектепте ѳз адистиги боюнча мугалимдердин сабак берүүсу 1944-жылдардан башталган экен. Алгач 1-класстарды Кѳлбаев Жалый, Темирбеков Качы, Молдокматов Амантур, Сартаев Абдыкерим, Жумаев –математик, Бекболотов Шамый-биолог, Малаев Казыбай-тилчи, Алиев Шамшы-тилчи, Алиева Келен-орус тилчи, Таранчиев, Артык — дене тарбиячы, Кадыров Асаке –тарыхчы.

1945-жылдан баштап мектептин директору Малаев Казыбай болот.

Малаев Казыбай башка кызматка которулганына байланыштуу, Тамга айылынан келген Бейшебаев Муканбет директор болгон жылы      7 жылдык мектеп болуп түзүлѳт. Окуучулардын саны 70-80ге жетет. Андан кийин 1949-жылы Каракеев Кененбай башталгыч класс, Сопиев Ишенбек математикадан сабак беришкен.

Бейшебаев Муканбет башка ишке кеткендигине байланыштуу анын ордуна 1950-1951-жылдарда Алиев  Шамшы мектептин директору  болуп иштейт. Алиев Шамшыдан кийин Дархан айылынан келген Хусеинов Жусуп мектептин директору болуп калат. Хусеинов Жусуп айылына которулуп кеткенден кийин, кайрадан мектептин директору Малаев Казыбай болот.

1952-1953-жылдарда окуучулардын саны дагы кѳбѳйүп, мугалимдердин санына тѳмѳндѳгүлѳр кошулушкан  Абдулин Султан, Хамитов, Байжарыков  Самыйбек-географ, Үсенов Акиш, Ибраев Талып, Ибраева Бүбүсалый, Эсеналиева Кашым, Шергазиев Жакшылык, Сатыбалдиева Зыяш, Алсейитов Абдыш, Алсеитова Барман.

Малаев Казыбай башка ишке кеткендигине байланыштуу 1954-жылы Кичи-Жаргылчак айылынан келген Ибраев Талып мектептин директору болуп калат. Ибраев Талып айылына  которулуп кеткенден кийин, Осмоналиев Чопон, андан кийин Жунушев Имаш бир нече жыл мектептин директору болуп эмгектенет.

1959-жылдары мектептин директору болуп, Сатыбалдиева Турсунбүбү мектепке кошумча эки класс окуй турган, мектеп салдырат. Ушул жылы Ѳмүрбеков Курмангалый, Күздѳбаев Тѳлѳ, Бексултанов Түкүй, Усубалиева Токон эжей-агайлар келишкен. Андан кийин мектептин директору кайрадан Малаев Казыбай болуп эски мектептин топурак  менен жабылган чатырын  шифр менен жаптырып, мектептин оңолушуна  шарт түзѳт.  Ушул жылдары, айта кете турган сѳз Тосор айылынын ѳзүнүн мугалимдеринин санынын ѳсүшүн байкоого Жети-Ѳгүз районунан келген Жакыпов Абыкай директор болуп шайланып, мектеп ушул жылы 8 жылдык болуп түзүлѳт.

1970-1972-окуу жылында Дархан айылынан келген Урдѳлѳтов Токтокожо директор болуп, мектеп 8 жылдыктан 10 жылдык болуп,  8-классты бон окуучулар 9-класстыокуй баштайт. Ушул жылдары мектепте жаңыдан 5 класстык бѳлмѳ салынып, пайдаланууга берет. Аз да болсо окуучулар үчүн шарт түзүлѳт. 1-жолу класс кабинеттеринде окуучулар окуй башташат. Урдѳлѳтов Токтокожо Саруу мектебине директор болуп которулат, ордуна Барскоон айылынан келген Дүйшембиев Осмон директор болот.

1972-жылы келип иштеген мугалимдер: Аденова Айнагүл, Сартаева Нурила, Казмаев Амангелди, Казмаева  Журсун, Жумагулова Укен.

Кийинчирээк: Арзыбеков Ийгилик, Бектурова Нурланкүл, Казакбаева Атыркуль, Баратбаев Болотбек, Баратбаева Гүлбара, Иманкожоева Карачач, Бексултанова Доктуркан, Байгазиев Канат, Калбыков Шайлообай, Акматова Сокен, Алагушева Жаңылкан, Умарова Париз, Тотоева Жумакан, Үсөнбеков Сагындык, Сатыбалдиева Турум окута башташкан.

1975-жылы мектептин директору Ак-Терек айылынан келген Баратбаев Болотбек болуп, мекиептин 1-бүтүрүүчүлөрү 10-классты бүтүрүп чыгышат.Ушул жылдары окуучулардын саны 170ке жетип, мугалимдердин саны 26га жетет.

1975-жылы Баратбаев Болотбек башка ишке кеткендигине байланыштуу, анын ордуна Көкеев Айбек директор болот. Мектептин ички-тышкы тазалыгы ирэтке келтирилет. Мугалимдер кѳрсѳтмѳ куралдар жасап, сабактарды тех каражаттар менен ѳтүү  бир кыйла жакшыртылат.

1978-жылы мектепке Байгазиев Канат директор болот. Ушул жылдары мектепке Иманакунова  Нуржамал,  Кыдырмышева Сайрагүл, Чакибашева Таалайкүл, Алдакеева Ажар, Соодонбеков Турдумамбет, Курманбаева Чынарлар келишкен. Байгазиев Канат Тамга орто мектебине кеткендигине байланыштуу 1980-жылы кайрадан мектептин директору Малаев Казыбай дайындалган. Малаев Казыбай 1945-1989-жылдардын аралыгында жаштарга билим , тарбия берүү менен бирге мектептин айланасын ирээтке келтирип курчап, 3 бѳлмѳлүү кол эмгек корпустарын курдуруп ишке киргизет. Жыл ѳткѳн сайын мезгилдин талабына ылайык предметтер кѳбѳйүп мектеп ѳзүнүн кадрлары менен толукталат.

1986-жылы мектепке келген мугалимдер: Баратбаева Индира, Кускакбаев  Туратбек,  Кускакбаев Батабек, Шергазиев Алмаз, Исмаилова Жаңыл, Малаев Сынчыбек, Кыргызбаева Дарика, исмаилова Нурила, Кендирбаев Кажыбек, Кендирбаева Нурай, Карачева Жамиля, Садырбаева Жамиля, Эшимова Алмагул.

1989-жылы Малаев Казыбай жаңы 2 кабаттуу мектептин курулушун планга киргизип, мектептин салынышына зор салым кошуп, ушул жылы ардактуу эс алууга кеткендигине байланыштуу мектептин директору Шергазиев Алмазбек дайындалат. Жаңы мектеп салынып, мугалимдердин саны 40, окуучулардын саны 360га жетет.

1990-жылы мектепке Бейшеева Айнура, Шаршенбиева Шайыр, Орозбакова Назгул, Даркимбаева Фатима, Бакалчиева Майрам, Үсенова Элмира, Ашымова Чолпон, Аламанова Кулупа, Кускакбаев Асыл, Батырканова Тамара, Сатарова Венера, Окенова Жамиля, Акматжанова Рапия, Эсенгул кызы Айгүл, Кендирбаева Гулбара, Жайнакова Керимкан, Исакова Чынар келишкен.

1992-жылы Шергазиев Алмазбек лицейге  директор болуп которулат, анын ордуна мектептин директору болуп Малаев Сынчыбек дайындалат.

2000-жылдан мектепке Намазбеков Асылбек, Бакашева Венера, Ордобаева Бактыгул, Шергазиев Талгарбек, Турдалиева Анара, Молдогазиева Айнура, Асакеева Гулзат, Бозумбаева Гүлнур, Ибраева Мээрим, Конокбаева Жылдыз, Арзыбекова Канзат, Бектурова Бактыгүл, Акунова Токтобүбү, Шаршенбиева Шайыр, Турдубаева  Үмүт, Айтбаева Гүлжан, Букарова Минара,Тойматова Мөөр келишкен.

2004-жылы мектептин директорлугуна  Баратбаева Индира дайындалат. Мезгил ичинде кѳптѳгѳн мугалимдерибиз  ѳкмѳтүбүздүн жогорку сыйлыгына ээ болушту. Алар эл агартуунун отличниктери: Малаев Казыбай, Сартаева Нурила, Эсеналиева Кашым-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

1919-жылдан азыркы күнгө чейин Тосор орто мектебине директор болуп иштегендер тѳмѳнкүлѳр:

  1. Калпаков Байсерке
  2. Кускакбаев Байгазы
  3. Арстакеев Абдылда
  4. Чыланов Арсар
  5. Молдокматов Амантур
  6. Касымалиев Жума
  7. Маркатаев Кудайберди
  8. Малаев Казыбай
  9. Бейшебаев Муканбет
  10. Алиев Шамшы
  11. Хусеинов Жусуп
  12. Малаев Казыбай
  13. Ибраев Талып
  14. Осмоналиев Чопон
  15. Жунушов Имаш
  16. Сатыбалдиева Турсунбубу
  17. Малаев Казыбай
  18. Жакыпов Абыкай
  19. Урдѳѳлѳтов Токтокожо
  20. Дүйшенбиев Осмон
  21. Баратбаев Болотбек
  22. Кѳкоев Айбек
  23. Байгазиев Канат
  24. Малаев Казыбай
  25. Шергазиев алмазбек
  26. Малаев Сынчыбек
  27. Баратбаева Индира
  28. Бакалчиева Майрам
  29. Букаров Азамат

Окуучулар: Тосор мектебин бүтүргѳн окуучулары азыркы мезгилде ар кандай кесиптин ээлери болуп чыгышты. Чындыгында адегенде Тосордон окушуп, андан кийин Барскоондон окушкандыктан азыркыга чейин алардын айтымында тосордун окуучуларына баа беришет.  Тосор мектебинде окуган алдыңкы  адамдарыбызды санай кетсек: химия илимберинин кандидаты Асек Сулайманов, филология илимдеринин кандидаты Айнек Жайнакова, акын Омор Султанов, жогорку окуу жайлардын мугалимдери Асылбай Ибраев, Темир Эсенгелдиев, Чоюн Эсенгелдиев, Иманак Шайбековдор мисал боло алат. Ошондой эле  мектебибизди бүтүрүп, республикалык кызматтарда иштеген Искак Исмаилов, Күрүчбек Абдылдаевдерди айта кетсек болот. Ал эми ѳзүнүн сүйгѳн кесиби боюнча эмгектенип ѳкмѳтүбүздүн  орден медалдарын алышкан кадрларыбыз жүздѳп саналат.

Азыркы мезгилде биздин окуучулар  «XXI кылымга билим менен» деген девиздин негизинде баардык күчүн билимге жумшашууда. Райондук, областтык  олимпиаданын жеңүүчүлѳрү дегендери да бар. Жогорку окуу жайларында эле азыркы мезгилде 200 дѳн ашык бала билим алууда жана дагы азыр биздин балдар Түркия, Россия жана башка ѳлкѳлѳрдѳ да билим алышууда.

Кийинки келген мугалимдер: Койчуманов Кычан, Дюшеева Жыпаркүл, Кадырова Алина, , Чыналиева Элмира, Токталиева Мээрим, Какебаева Светлана, Желдеӊбаева Махаба, Элеманова Аспира, Есенбаева Гүлмира, Турганбаева Каным, Узакова Гүлзат, Мамбетказиева Назира, Дүйшөнбек кызы Айзада, Соодонбекова Алтынай, Келгенбаева Нурай, Темиш уулу Кенжебек.

Баратбаева Индира 2004-жылдан 2019-жылдын 14-июль күнү, каза болгон күнгө чейин Тосор жалпы орто билим берүү мектебинде директорлук кызматты аркалар келди.

2019-жылдын 20-августунан 2020-жылдын 20-февралына чейин мектеп директорунун милдетин аткаруучу болуп Бакалчиева Майрам иштеп турду.  Тосор жалпы орто билим берүү мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу болуп Букаров Азамат 2020-жылдын 20-февралынан 20-августка чейин иштеди. Букаров Азамат 2020-жылдын 20-августунан баштап толук кандуу  директор болуп бекиди. Учурда 550 окуучу 40 мугалим жана 10тех.кызматкерлер менен алгылыктуу иш алып барууда.

 

 

Эмблема

МЕКТЕП ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

 

 

 

 

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета