КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА – 30 ЖЫЛ!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайбыз! Мектебибизде расмий түрдө линейка өттү.Туунун бир түстүү кызылдыгы эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн тынчтыкты жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк – үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. «Түндүк» өлкөбүздө жашаган элдердин биримдигин символдоштурат. Туунун түсү кызыл, анткени айкөл Манастын туусу кызыл түстө болгон. Авторлору: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Комментарии